ЖООПТУУ
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Күнөөлүү, айыптуу, кылмыштуу. Сот алдында жооптуу болдум. 2. Кандайдыр бир ишти аткарууда жооп бере турган, ошол ишти аткаруунун негизги жоопкерчилиги жүктөлгөн. Мен ошол күнү жооптуу дежурный элем («Ала-Тоо»). //Жоопкерчилик милдети жүктөлүү менен бирге, ишти аткарууда жана башкаруу жагында белгилүү укуктары бар. Жооптуу кызматкер. Жооптуу редактор. Жооптуу секретарь. || Кантондук партия комитетинин жооптуу катчысы – Акбаев (Сыдыкбеков). 2. Аткарууда өтө татаал, өтө маанилүү, жоопкерчилиги көп. Малды ашуудан ашырып алып келүү жооптуу да (Убукеев). Мойнуна жүктөлгөн коомдук милдет Динарга баарыдан жооптуу сезилди (Сыдыкбеков).